www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Азимбек Анаркулович, дасыккан саясатчысыз. Бир канча жылдан бери Курултай институтун мыйзамдаштыруунун аракетин көрүп жүрөсүз. Курултай да өткөрүп атасыз. Курултайдын элге, мамлекетке пайдасы тийдиби?
-Албетте, пайдасы тийди. Курултайды ушунча жылдан бери элдин аң-сезимине сиңирдик. Артыкчылыгын, зарылчылыгын түшүндүрүп жатабыз. Кудай буюруп, жакын арада курултай институту жөнүндө мыйзам кабыл алынып калса, келечекте курултайдын пайдасы элибизге мындан да көбүрөөк тие баштайт. Негизи курултай институту бул-майдан. Аны конституцияга киргизип алсак, Кыргызстандын эли жылына бир жолу бийлиги менен маңдай-тескей отуруп, илгерки ата-бабанын салтын улап, курултай маселе чечкен чоң форумга айланат. Курултай улуттук демократиянын туу чокусу экенине элдин баары ынанат. Кудай буюруп, бул аракетибиз ишке ашып калса, митингдер, нааразычылык акциялар азаят. Курултайга айыл өкмөттөрдөн шайланып келген делегаттар маселени кабыргасынан коёт. Маселе көчөдө эмес, курултайда талкууланат, чечилет.
Азыркы президент курултайдын мына ушундай артыкчылыгын түшүнүп, кол сунуп жатат. Кароого кеткен мыйзам долбоорундагы эреже боюнча биринчи курултайды президент уюштурат. Калган курултайды аткаруу комитетине бекиген адамдар уюштурат. Алар мамлекеттик кызматка иштебеген, мамлекеттен акча албаган адамдар болушат. Жылына бир жолу делегаттар сунуш кылган маалда гана курултай уюштуруп беришет. Ата-бабабыз да көчүрүү, согуш деген оор маселелерди ийри отуруп, түз кеңешишип, курултайда чечишкен. Ал турсун, Ош падышалыгына каршы күрөш Каркырада өткөн курултайда чечилген. Ошондой чоң жыйындарда кыргыздын каада-салтын түштүк-түндүк дебей иретке келтирип алалы деп алтайлык, памирлик кыргыздардан бери Токмоктун айланасына келип, 1700-жылдары кыргыздын каада-салтын эрежеге айландырышкан. Ошон үчүн каада-салтыбыз окшош болуп калган. Муну биздин тарыхчылар эмнегедир жазбай жатышат.
Буюрса, конституцияга кирген, эрежелер менен бекиген, курултайдын пайдасын кыргыз эли көрөт деп ишенем. Буга чейин деле курултайдын пайдасын көрүп келдик деп айтканымдын да жөнү бар. Бийликтерин узурпациялап алган Акаев менен Бакиев да курултайдын чечими менен кызматынан кетирилген. Атамбаев курултайдын маанисин билип туруп, 6 жыл “курултайчыларды таш бараң кылгыла” деп өткөртпөй, бир топ кыйынчылык жараткан. Бирок, ал кызматтан кеткенден кийин Сооронбай Шариповичтин убагында 2018-жылы ноябрда курултай өткөрүп, Атамбаевдин 6 жылдык ишине баары бир баа бердик. Атамбаевдин 6 жылдык иши канааттандырарлык эмес деп табылып, бийликти узурпациялоо үчүн жасаган аракеттерине прокуратура менен Жогорку Кеңеш баа берсин, кылмыш иши козголсун деген Курултайдын чечими чыкты. Мына ошол чечимди аткаруу максатында Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, кылмыш иши козголду. Бул дагы курултайдын пайдасы болду. Курултайдын эң башкы пайдасы эки революция деп айтаар элем. Анткени, элибиз курултайдын чечимин аткарып, президенттерге каршы чыгып , үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруп күрөштү. Тагыраагы, кыргыздар СССР аймагында эркин эл болгонго жетишти. СССРдин курамына кирген мамлекеттерден биздей бийлигин сындаган, чындыкты бетке айткан эл жок. Путинге да каршы чыга алышпайт. Казак, өзбек тажиктер бийлигин сындамак турсун, президентине каршы сүйлөй албайт. Кыргыздар гана президенттин катачылыгын курултайда айтып, ачык сындай алышат. Депутат өкмөттү ачык сындап, маселени ачык коё алат. Элибиздин ушундай болуп калыптанышына курултайдын салымы зор.
-Мурда Атамбаевдин катачылыгын айтып, сындачу элеңиз. Азыр мурунку президентке өзгөчө мамиле керектигин, үй камагына чыгаруу зарылдыгын айтып жүрөсүз. Бир кездеги санаалашыңыз, досуңуз, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин артыкчылыгын, кемчилигин айтып бериңизчи...
-Атамбаев президент болгондон кийин 2012-жылы мурдагы президенттердин жолуна түштүң, алардан айырмаң жок болуп калды. Алар бир туугандары менен иштесе, сен шопур, катчылар менен иштеп атасың. Сен башка жолго түшүп алдың, аягы жаман болот деп биринчилерден болуп сындап, “унчукпай коюуга укугум жок” деп жаздым. Анткени, президент болоору менен өзгөрүп, үзөңгүлөш, санаалаш адамдары заматта душманга айланып калдык. Кантип эле ушундай болуп калды деп чыны менен таң калып жүрдүм. Анткени, ал биз менен жүргөндө андай эмес болчу. Бизге кошулуп ал да мурунку президенттерди кыйкырып, сындап курултай өткөрүүгө салым кошчу. Менин сынымдан кийин ыңгайы келген жерден эле мени “канкор, карга, кузгун” деп асыла баштады. Мен да сынымды токтоткон жокмун. Бирок, кеп анда эмес. Айтайын дегеним, бардык адамдын кемчилиги бар. Кемчилиги жок адам болбойт. Балким, Атамбаевге караганда менин кемчилигим көбүрөөктүр. Анткени, Атамбаев мага окшоп эч качан бетке айтпайт. Мага караганда акылдуулук кылып, башкалар менен да мамиле кылганды билет. Балким, ал анын артыкчылыгыдыр. Анын адам катары жакшы мүнөздөрүн айта турган болсом, Атамбаев ак көңүл, ишенчээк. Дагы бир жакшы мүнөзү күрөшкө чыкса, каршылашынан коркпойт, аягына чейин турат. Бирөө менен кармашам деп аттанып алса, аягына чейин күрөшөт. Өзүнүн мураскору Сооронбай Шарипович менен тил табышып алса болот эле. Бирок, ал беттегенин бербегени үчүн аягына чейин бийликтен кетирем деп көшөрүп отуруп, жыйынтыгында түрмөгө түштү. Дагы бир артыкчылыгы Атамбаев-күрөшө билген саясатчы. Айтайын дегеним, көп саясатчылардын тили буудай кууруйт бирок, күрөшө билбейт. Атамбаев түрмөдө жатып да күрөшүп жатат. Ырас, максатты койгондон кийин күрөшө билиш керек. Күрөшүү туурабы, туура эмеспи ал башка маселе. Адам алдына койгон максатка жетиш үчүн күрөшө билиш керек. Сатылбаш керек. Атамбаев опоңой эле сатылып кетсе болмок. Бирок, ал сатылган жок. Күрөшүп жатат. Бирок, жеке кызыкчылык үчүн күрөшүп жатат. Анын кемчилиги коомчулукка жаман президент болуп көрүнүп калганы болду. Адам катары эмес, президент катары туура эмес иштеринин айынан жаман президент болуп көрүнүп калды. Ошондуктан биз президент Атамбаев менен адам Атамбаевди ажырата жүрүшүбүз керек. Өткөндө азыркы бийликке да айттым. Үй камагына эле чыгарып, соттун чечими чыкканда гана түрмөгө жөнөтпөйсүңөрбү дедим. Анткени, кыргызда илгертеден “султан сөөгүн кордобойт” деген улуу сапат болгон. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы жакшы же жаман көрөбүзбү Акаев да, Бакиев да, Атамбаев да, Отунбаева да, азыркы президент дагы кыргыздын президенттери, султандары болду. Алар бир канча жылдап эл башкарды. Бул адамдар кылмыш кылса дагы кичине өзгөчөрөөк мамиле жасалышы зарыл. Дүйнө жүзүндөгү практиканы эске алсак, эч качан президенттерин террористтер же хулигандар менен кошо бир түрмөгө камабайт. Илгери баатырларга да ошондой өзгөчө мамиле жасалган. Чүйдөгү Асылбаш деген айыл Алайдан келген баатырдын атынан коюлган. Ал баатыр, анан ууру да болгон. “Сен баатыр экенсиң, кыргыздын султаны экенсиң” деп Чүйдөн жер бөлүп берип, Асылбаштын урук-тууганы ушул жерден орун-очок алып калышкан. Биз турмушубузда ушуга окшогон улуу салттарды пайдалана жүрсөк жакшы болмок.
-Азимбек Анаркулович, Сооронбай Шарипович мурдагы президенттердин катачылыгын кайталап, калпыстыкка жол берген жокпу?
-Мен Сооронбай Шариповичтин катачылыгын “Мен кыргызмын” деген китептин бет ачаарында дагы, курултайда дагы айттым. Азыркы президент президенттик жеке башкаруу системасын сындыра албай, эски система менен иштеп жатат. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш, Өкмөт, укук коргоо органдары, сот бийлиги конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын жетишерлик пайдалана албай, эмнегедир президентке көз каранды болуп жатышат. Конституцияда ыйгарым укугу эбегейсиз болсо да, азыркы өкмөт президентсиз иш кыла албайт. Жогорку Кеңештеги акыркы үч чакырылыштын депутаттары да президенттин көзүн карап отурушат. Тагыраагы, көнгөн адаттарынча президент “кабыл алгыла” деген мыйзамды кабыл алат. Кабыл албагыла деген мыйзамды кабыл албайт. Чынында депутаттар президентке карабай иштерин аткарышы керек болчу. Курултай жөнүндөгү мыйзамдын жазылганына 10 жыл болсо да, кабыл алына элек. Атамбаевдин доорунда колдотпой, кабыл алдыртпай койду. Сооронбай Шарипович аргасы кеткенде аппаратына курултай жөнүндөгү мыйзамга комиссия түзүлүп, ошолор иштеп чыксын деген буйрук берди. Ушул президенттин ишиби? Бул нерсе Жогорку Кеңештин иши го. Мамлекеттик кызматтагылар өз укуктарын туура пайдалана албагандарынын кесепетинен “президент мурдагы жол менен эле кетип баратат. Өкмөттүн ишин, сот бийлигин өзү жүргүзүп жатат” деген доомат коюлуп жатат. Ошондой сөздөрдөн, дооматтардан арылыш үчүн президент кызматка келери менен мурдагы системаны сындыруунун аракетин көрүп, конституциялык реформаны башташы керек болчу. Комиссия түзүп, элдин пикирин топтоп, өзгөчө мамлекет үчүн маанилүү делген маселелерди референдумга чыгарып, кайсыл башкарууну каалайсың, кандай шайлоо системасын каалайсың? Партиялык шайлоо менен отура беребизби деп келечектеги боло турган реформаны элден сурап, даярдана бериши керек болчу. Анткени, президенттик мөөнөтүн жарымы өтүп кетти. Эми 2021- жылдан баштаса да системаны сындырууга багыт алышы керек. Анткени, президент болуп иштеп жүрүп, аягында азапка түшүп кала турган системаны сындырбаса, мунун кесепетин тартат. Эгер аны сындырса, өзүнүн укуктуу жолу менен кетет. Укуктуу жолго түшсө, эреже менен иштөөнү үйрөнөт жана башкаларга да үйрөтөт. Айтайын дегеним, кыргыз эли каада-салт менен жашайт. Каада-салтыбыз биздин мыйзамдардан күчтүү. Бийлик да ошондой эреже менен иштеши керек. Бийликтин эрежеси Конституция болот. Ошону бузбай иштетсе укуктук, эреже сакталат. Эмнегедир биздин президенттер ошол укуктук эреже менен жашоону анча өздөштүрө албай жатышат. Сооронбай Шарипович укуктук эрежени орнотуп койгондо ар бир президент мыйзамда көрсөтүлгөн укуктан чыкпай иштемек, ар бир министр, ар бир депутат мыйзам чегинде иш кылмак. Баары эреже менен иштегенге көнүп, сиңирип алмак. Сооронбай Шариповичтен ошол нерсени ишке ашырат, укуктуу туу туткан системаны алып келет деп үмүт этип жатам. Анткени, мени бардык президенттер менен иштешип көрдүм. Бардык президенттердин катачылыгын айтып, сындап, туура жолду көрсөтүп койсоң ошол замат душманына айлантып, оппозиция деп мамлекеттик телеканалдар менен каралап, өздөрү баш болуп жамандап, каралачу. Азыркы президент алардан өзгөчөлөнүп мени өзүнө душман кылган жок. Болгону “убакыт бергиле. Мен коррупционерлер менен күрөшүп бир жыйынтык чыгарып алайын” деди. Коррупция менен күрөшүн колдогонубуз менен эмнегедир аны элдик иш-чарага айландыра албай жатышат. Айтайын дегеним, ар бир айыл өкмөттө, ар бир район, облустарда президенттин коррупция менен күрөшкөнүн колдоп жатабыз деп элдик иш-чарага айландырып жибергенде күрөшүү жеңил болмок. Парламент, өкмөт унчукпай отурат. Сот мурдагыдай эле бул жакты карап, аппарат не дейт деп күтүп отурса, прокуратура, укук коргоо органдары мурдагыдай эле бир жактуу иш алып барып жатат. Мисалы, Атамбаевдин айланасындагы бир топ министрлер, премьер-министрлер боюнча кылмыш иши козголуп, коррупцияга каршы күрөш жүрдү. Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алып, коррупциялык иштерине беш эпизоддон айып койду. Ошондон кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бирок, мен юрист катары Атамбаев менен бирге иштеген, Сапар Исаковду алып келген келишимди ратификациялап берген Жогорку Кеңеш жок дегенде моралдык , саясий күнөөнү өзүнө албаганы орунсуз болуп калганын айтып коёюн. Күнөөнүн баарын жалгыз Атамбаевге оодарып коюшту. Бул туура эмес. Анткени, премьерди да, министрди да өздөрү шайлап берип, отчётун да депутаттар өздөрү кабыл алып жатышкан. Ратификацияны да өздөрү кылып беришкен. Жок дегенде өздөрүнө сын көз караш менен карап, биздин Жогорку Кеңештин да күнөөсү бар. Атамбаевдин айтканын кылып отуруп алдык деп саясий моралдык күнөөнү мойнуна алышы керек болчу. Булар алган жок. Бир гана Атамбаев кылган деп ага шылташып, апапак бойдон отурушат. Эгер андай болсо Атамбаевдин мыйзамсыз иш-аракетин билип туруп неге аны айтканын аткарышты? Эмнеге учурунда аны тыйган жок? Атамбаев колубузду бурап эле колдотуп койчу дешсе, эмне үчүн конституциядагы укугун колдонушкан жок? Ошол учурда Атамбаевдин айтканын айткандай аткарган депутаттар анын кол тийбестигин алганда колдоп, добуш беришти. Ошол 105 депутат эртең Жээнбековдун да кол тийбестигин так ошондой алып коюшат. Ошондуктан, азыркы президент эски системаны сындырып, укуктук эреже менен иштөөгө багыт алышы керек...
(Уландысы бар)
Булак: NazarNews.kg