www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда социалдык тармактарда белгисиз адамдар үйлөрдү дезинфекциялоо шылтоосу менен кирип, уктатоочу каражаттарды сээп кылмыш жасап жаткандыгы жөнүндө маалыматтар тароодо. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт.

Андан сырткары, жалган маалымат тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөөрүн белгилейбиз. Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат.

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости