www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус аныкталган Ноокат району карантинге алынды

Коронавирус аныкталган Ош облусунун Ноокат районуна блокпосттор коюлду. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, блокпосттор Ноокат районунун бардык кирүү-чыгуу жерлерине, тактап айтканда Зулпуев айыл өкмөтүнүн кире беришине, Көк-Жар айыл өкмөтүнө, Ноокат шаарынын кире беришине, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнү орнотулган. Жакынкы аралыкта блокпосттордун саны дагы көбөйөт.

Учурда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коопсуздук чараларын көрүү, кичи ажылык сапардан келгендер менен байланышта болгондорду аныктоо иштери башталды.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6 га жетти. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар да Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузактын тургундар болсо, экинчи учур бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун жашоочуларынан аныкталды. Аларда кичи ажылык сапардан кайтып келишкен соң, ажы той өткөрүүгө жетишкен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости