www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан туура бир ай мурда казак окумуштуу-изилдөөчүлөр, аналитиктер Казакстан аймагына 16-марттын тегерегинде коронавирус чыгышы мумкүн деп божомолдошкон. Албетте, алгач «казактардын көзү ачылып баштаганбы же бул жаман илдетти өздөрү сурап чакырып жатабы?» деген жактырбаган, шылдыңдаган пикирлер кеткен.

Ошол эле маалда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус жугуштуу илдети эпидемиядан пандемияга айланды, башкача айтканда, дүйнө жузүн каптады деп билдирүү жасаган эле. Мындай шартта - иликтөө институттарынын, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүлөрунө ылайык, бул көйгөй Кыргызстанды кыйгап өтүп кетүүсу мумкун эмес болчу.

Вирус Уханьдан аныкталганда эле Кыргызстан бийлигинин жетекчилери Кытай менен чек араларды толук жаап, коргонуу иш-чараларын күчөткөн эле. Андан соң коронавирус Түштүк Кореяны, Жапонияны өз кучагына алды. Жалпы Европаны каптай баштаганда Италия, Испания өңдүү мамлекеттердин эли буга салкын мамиле кылгандыктан, коронаирустун тез жайылып кетишине өбөлгө түзүлдү.

Бүгүнкү күндө да бул вирустун жайылуу динамикасы Европа өлкөлөрүндө сакталып турганын баарыбыз окуп жатабыз. Кийин, океандын ары жагындагы АКШда дагы жеткени аныкталды. Биз тааныган Орусияда катталды. Боордош Казакстан менен Өзбекстанда чыкканда, элдин баары, вирус акыры Кыргызстанга кирет деген кооптонуу менен жашап жатышкан.

Мунун баары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавирустун эпидемиядан пандемияга өттү деген билдирүүсүн тастыктап огурат.

Ошол вирустун очогу чыккан Кытайдан же жайылуу динамикасы жогору болгон Европа өлкөлөрү эмес, жайылуу динамикасы эң төмөн болгон Араб өлкөлөрүнөн жугуп отурат, таңгалычтуусу. Эми мунун баары Кудайдын амири менен болуп жатат.
Мунун баарына Өкмөтүбүз байкоо салып, иш-аракеттерин өз деңгээлинде жасап жатат. Өлкө башчысы дагы коопсуздук кеңешинин 3-4 жыйынын өткөрүп, алдын алуу иш-чараларын көрдү,.Алакан жайып отуруп калышкан жок.

Эми кезек, урматтуу эл-журт, өзүбүздө. Ошол эле Уханьдан, ошол эле Туштүк Кореядан, ошол эле Италиядан жазган мекендештерибиздин айткандарына олуттуу мамиле кылалы. Анткени алар коронавирус кеңири жайылган жерлердеги көрүлгөн чарадар, элдин сабырдуулугу, медицина кыэматкерлеринин айткан талаптарды туура сакташы, ар бир жарандын жоопкерчилиги жөнүндө баса белгилеп айтып жатышат.

Кантсе да бир боорлорубуз да. Алыс жакта болсо дагы кантип бул жугуштуу оорудан жеңил өтүүнун жолдорун сунуштап, жардам берүүгө кол сунуп отурушат. Муну менен алардын аракеттерин, Мекен астындагы парзын аткарып жатат деп кабыл алышыбыз керек. Эми сырттагы туугандарыбыз ушинтип кабатырланып жатканда, биз, жергиликтуу эл - ар бирибиз коронавируска каршы мамлекетибизге, өлкөбүзгө, шаарыбызга, айылыбызга, элибизге, туугандарыбызга эмне жардам кылабыз деген ой менен жашашыбыз абзел.

Коронавирус көп таркаган өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянсак, бул жагдайга ар бир жарандан эң эле жөнөкөй, бирок олуттуу мамиле талап кылынат. Өкмөт, медицина кызматкерлеринин айткандарын кынтыксыз аткарып, дүрбөлөңгө алдырбоо, гигиенаны так сактоо гана керек.

Урматтуу кыргыз элим, дуйнөнү селт эттирген коронавирус кирген шартта, жалпы мусулман коомчулугу үчүн ыйык деп саналган жума намазы да убактылуу токтотулуп, ар бири-бизге жугуу коркунучу болуп турган шартта эл баштаган эр-азаматтарыбызды колдоп, биримдикте, ынтымакта бул аты жаман оору менен татыктуу күрөшөлү.

Бизден талап кылынганы - болгону, той-аштарыбызды убактылуу тыялы, эл көп баруучу массалык иш-чараларга барганды токтото туралы, балдарыбызды оорудан оолак сактап, үйлөрүбузгө кармайлы.

Мына, Нооруз - жаз майрамы жакындап келатат, мындай шартта чогулуп алып сүмөлөк кайнатканды, чогулуп алып оюн-зоок уюштурганды, чогулуп алып майрамдаганды убактылуу токтото туралы. Жакшылыктын эрте-кечи жок. Бул сыноо күндөр дагы өтөт.

Ошондой баары ордуна келгенде, жакшылыктарда жолугабыз. Ага чейин сабырыбыз менен бололу, ыгы жок басып-турууларыбызга чек коелу.

Булак: Де-Факто

Последние новости