www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпонбек Абыкеев:

Белгилүү жазуучу Чолпонбек Абыкеев коронавирус тууралуу пикирин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн сиздерге бир придча айткым келет. Ал мындай, бир күнү айылдагы жөнөкөй эле жашоо өткөзгөн карапайым мусаапырдын түшүнө Жараткан Кудайым өзү кирет да мындай деп айтат: "Айыл четиндеги бүт айылдыктар суу алып ичкен булак суусу ууланып калды. Эртең эрте туруп бүт элге айт. Ал булактан үч күнгө чейин эч ким суу ичпесин. Малын да сугарбасын. Ким ал булактан суу ичсе жинди болуп акылынан айнып калат. Бары тигил кырдын ары жагындагы булактан барып ичишсин. Ушуну эскерт."- дейт.

Тигил мусаапыр таң атпай туруп, бүт айылды үймө үй кыдырып Кудайдын эскертүүсүн айтып чыгат. Бирок аны эч ким укпайт. "Кайдагыны дөөрүбөчү"- деп коюшат да баягы көнгөн булагынан эле суу ичип малын сугара беришет да чын эле бүт жинди болуп калат. Жалгыз тигил мусаапыр кырдын аржагындагы булактан ичип соо калат.

-"Мына айтпадым беле. Кудайдын эскертүүсүн укпай коюп барың жинди болуп калдың. Жалгыз мен соо калдым."- десе тигил жиндилер берки соону жектеп сабап өздөрүнө кошпой "Сен акылыңдан айныган жиндисиң"- дешип куушат.

Эл арасында жашай албай калганда чыдабай кетип тигил да баягы булактан суу ичип жинди болуп, жиндилерге кошулуп жаны калат.

Так ушул притчадагыдай бүткүл дүйнө "Тажытумоосу"- деп "жинди" болуп атышат. Акылдуу илипоздор, окумуштуулар канча далилдерди келтирип жазышса да уккан эч ким жок. Мен да канчалаган макалаларды жаздым.Таажытумоосу деле катардагы тумоолор сыяктуу. Керек болсо андан алда канча алсыз. Факты келтирейин. Күн сайын дүйнө жүзү боюнча өпкө сезгенген кургак учуктан 3500 адам набыт болот. Боордун оорусунан, 2500, СПИДден 2500 адам набыт болот. Кадимки эле сасык тумоодон 1500 киши набыт болот. Кайталайын КҮН САЙЫН ушунча киши ушул оорулардан өлөт. Тажытумоодон эң жогорку көрсөткүч бир күндө дүйнө боюнча 400 адам кайтыш болгону катталды. Тажытумоо азыр артка кайта баштады. бир күндө дүйнө боюнча кайтыш болгондор 150-200дүн тегерегинде болууда. Өзүңөр көргөндөй кургак учуктан канча эсеге коркунучу төмөн. Мынчалык чуу түшүп "Кырылып калабыз"- дегенге негиз жок. Кытай бул оорудан таза арылып акыркы оорулусун ооруканадан чыгарып кадимки жашоосуна өттү.

Бүт соода түйүндөрү,ишканалары иштей баштады. Бүткүл дүйнөдө бир гана мамлекет Шветция болсо бул ооруну теңине да албай койду. Окумуштуулары изилдеп чыгып "Кадимки сасыктумоонун чыгымы 4 пайызга чейин жетсе тажытумоонуку 2 ашса 3 пайыз экен"- деген жыйынтык чыгарып беришсе бийлиги ишенип чек аралары ачык. Жашоо кадимкидей өз ыргагы менен жүрүп жатат."Өлдүк эле өлдүк.Бийлик минтпей,тигинтпей койду" -деп кыйкырган эч ким жок.Шветтер кырылып калган жок. Тескерисинче Европадагы оору эң аз тараган мамлекеттердин катарында турушат. Бизде болсо үч адам катталды эле аз эле жерден жанын сактап калганга эч кимге жолобош үчүн тоо аралап качып кеткиси келгендер чыгууда. Чуу түшүп "Кырылабыз эле кырылабыз"- дегендерге эсеп жетпейт. Ун талаш, дары талаш, беткап талаш.

Бул ооруну паника, ажаташ менен жеңе албайбыз. Буга чейин да айттым. Кайталайм. Тажытумоонун башкы дарыс ТАЗАЛЫК! ТЕМИРДЕЙ ТАРТИП! ЭРЕЖЕНИ ТАК САКТОО! ТОКТОО,САБЫРДУУ БОЛУУ! ЫНТЫМАК!

Ушул "дары" менен туруктуу дарылансак ооруну опоңой жеңебиз. Эсибизге келели.Бир түндүкө биригели!( Эскертейин бул сөздүн парияга тиешеси жок) Сындашып, талашып, кемчилдик издешүүдөн пайда таппайбыз.

Бириксек, ынтымактуу болуп колдошсок жеңиш биздики. Ушуну эстен чыгарбайлы", -деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости