www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жогорку Кеңештин жыйындары үзгүлтүккө учурабайт» - деп төрага Дастан Жумабеков өткөн жумада нагыз Таластыктарча төш каккан. Кызыгы, спикер айтып оозун жыйганча, 16-март күнү Социалдык маселелср, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйыны кворум жок өтпөй калды.
Бир болсо каргыш тийгир коронавирустан сактанып комитеттин депутаттары үйдөн чыкпай жатышса керек.
Аталган комитетте 9 депутат бар. Алар: Гүлкан Молдобекова, Тазабек Икрамов, Алмазбек Токторов, Жанар Акаев, Садык Шер-Нияз, Аида Исмаилова, Евгения Строкова, Дүйшөн Төрөкуловдор. Өлкөдөгү абалды эске алып, өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагынын иш алып баруусун тыкыр көзөмөлгө алып, алар тескеп турчу комитеттин кворум жок чогулбай атканы көпчүлүктүн кыжырын кайнатаары турган иш.
Булар үчүн элдин саламаттыгы бир тыйынга арзыбайбы? Парламенттин алдыдагы кутулуп жаткан чакырылышында ушулардай жумушуна тийди-качтылардан Кудай сактаса экен?
Булак: NazarNews.kg