www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Эсептөө палатасынын төрагасы Улугбек Марипов жогорку жетекчиликтен сөгүш алды. Албетте, жыргатып жибергенинен эмес, ишиндеги кемчиликтеринин аркасында.

«Эт менен чилдин» ортосунда иштеген эски бийликтин дал ушундай «саркындылары» эптеп эле күн өткөрүп, кирди-чыкты маяна алыштан уялбайт экен да. Сөгүш алганына кайып болуп, жетекчиликтин сынына «башым дебей», анча-мынчага маани бербей иштей бергенин кандайча түшүнөбуз? Кудум эле баягы «Көзүм көрбөсө болду, көчүгумдү бөрү жй берсин» деген образга өтүп алганы ушулбу? Ишинде оңдуу жыйынтык болбогондон кийин кызматка жабышып эмне кереги бар? Креслого тырышпай кетпейби?

Улуебек мырза кезинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп журуп кызматтык секирик жасаган (атасынын баркы менен). Түз айтканда экс-президенттин көздөй кадры («шыныры» десек да жарашат) эле. Мариповдун ордунда башка адам болсо Атамбаев кызматтан кеткенден кийин эле морал, уят өңдүү баалуулуктарды карманып, ордун бошотуп бермек. Көрсө бу кысталак уят, намыс деген түшүнүктөрдү жан дүйнөсүнө жакын жуутпайт окшойт. Атасы Асамидин Марипов деле жакшы, тектүү киши эле. Эстүү кишинин атын булгабаса болдуго?

Булак: Де-факто

Последние новости