www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вирусологдорго жана санитардык врачтарга кошумча акча төлөнө баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык фонд бар. Андан биринчи күндөн бери эле медиктер айлык акысынан тышкары кошумча акча алып жатышат.
“Биз башынан эле айлык акыга жакшы акча кошум берип жатабыз. Кечээ, каржы бөлүмүнүн жетекчисине жугуштуу оорулар ооруканасында иштеген кызматкерлердин айлык акысына кошумча акча кошуп берүү буйругун бердим. Дарыгерлерди таарынтпайбыз”,-деди Космосбек Чолпонбаев.
Белгилей кетсек, министр брифингдин башталышында Ош облусунун Ноокат районунда умрадан келген дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg