www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-мартта өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып, коронавирусту аныктоочу тест-системаларын кайсыл мамлекеттен алып келип жатканын билдирди.
“Кыргызстан тест-системаларды Россия, Япония, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аркылуу Германиядан алып жатат. Ошондой эле Кытай да бул багытта жардам берүүгө даяр. Ал эми реагенттерди өлкө өзү сатып алууда”,-деп билдирди.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6 га жетти. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар да Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузактын тургундар болсо, экинчи учур бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун жашоочуларынан аныкталды. Аларда кичи ажылык сапардан кайтып келишкен.
Булак: NazarNews.kg