www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте үйлөргө бет капчан адамдар дезинфекция кылабыз деп келип, уйку дарысын сээп, үйлөрдү тоноп жатышат деген маалымат тараган.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта брифинг учурунда бул маалымат тууралуу сөз сүйлөдү.
Министрдин айтымында, атайын бет капчандар жиберилбейт. Ушундай кырдаалга туш болсо, аларды үйгө киргизбеш керек.
“Эгер жанакыдай нерселер болсо, алар ооруканага чакыргандан кийин, атайын даярдалган врачтар барат. Алардын өздөрүнүн күбөлүктөрү да барат. Биз азыр жаңы механизмди карап жатабыз. Барганда атайын белгилери менен жибериш үчүн. Ушундай кырдаалдарда жоопкерчилиги жок адамдар өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн терс нерселерди кылууга аракет кылат экен. Мындай учурда укук коргоо органдарына кайрылып, аны жеринен чечиш керек”,-дейт министр.
Белгилей кетсек, министр брифингдин башталышында Ош облусунун Ноокат районунда умрадан келген дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg