www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башында, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан Бишкекте 2020-жылдын 2-мартында С. Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин өздүгү такталып, ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран Бишкек ШИИББге жеткирилди.
Андан сырткары бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.
Азыркы учурда жаран Ч.Н. карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи, тактап айтканда беренени квалификациялоо каралат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Булак: NazarNews.kg