www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов NazarNews маалымат агенттигине мэриянын Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими тууралуу пикирин билдирди.

"Мэриянын митингдерге тыюу салабыз дегени аша чапкандык. Битке өчөшүп көйнөктү өрттөбөш керек. Митинг адамдардын конституциялык укугу. Кечееки митинг албетте, туура. Эмне болду? Миңдеген адамдарды он чакты провокатор уят кылып койду", - деди Алмамбет Шыкмаматов.

Белгилей кетсек,  өткөн окуялардан жана коронавирус профилактикасынан улам мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылат. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашкан.

Бишкек мэриясы, 2-мартта, болгон митингди массалык башаламандык деп баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости