www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-мартта Өзбекстандын Аскердик соту отставкадагы подполковник, Коргоо министрлигинин алдындагы «Ватанпарвар» («Патриот») гезитинин кабарчысы Владимир Калошиндин иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Владимир Калошин

Калошиндин Москвада жашаган кызы Анастасия Епишеванын айтымында, сот атасын «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары соттун чечими менен анын бардык аскердик наамдары алынды.

Буга чейинки отурумдарда Калошин тагылган айыптарды мойнуна албаганы кабарланган.

68 жаштагы Владимир Калошин 2019-жылы июлда камакка алынган. Ал «Ватанпарвар» гезитинде акыркы жыйырма жылдан бери иштеп келген. 2000-жылы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо ишине салым кошкондугу үчүн «Шухрат» медалы менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости