www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Японияда коронавирустан улам мектептер жабыла баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, мектептер өкмөттүн өтүнүчү менен жабылганын 5-мартта өлкөнүн билим берүү, спорт, маданият жана илим министри Коити Хагиуда парламентте айтты.
Анын сөзү боюнча, 5-мартка карата бардык деңгээлдеги мектептерде окуу токтотулду.
Япониянын мектептериндеги мөөнөтсүз каникул 2-марттан тарта башталган. Бирок Хонсю аралындагы Симанэ префектурасынын бийлиги "аймакта оору каттала элек деген" жүйөө менен мектептерди жабуудан баш тарткан.
Айрым мектептер эгер бала менен үйдө кала турган киши жок болсо, аларды кабыл алышарын билдиришти.
Аталган өлкөнүн өкмөтү мөөнөтсүз каникулду окуучулардын жазгы салттуу эс алуусу башталганга чейин улантууну өтүндү. Жазгы каникул Жапониядагы мектептерде март айынын акыркы он күндүгүнө туш келет.
Зарылчылык болбосо мектептер апрелден тарта ишин улантышат.
Акыркы маалыматтарга таянсак, коронавирусту Японияда 1030 киши жуктурган. Оорудан 12 адам набыт болду. Ооруга кабылгандардын 706сы Diamond Princess лайнеринин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү.
Булак: NazarNews.kg