www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы бизнес-коомчулугунун жана КЭР Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда иш жүзүндөгү жолугушуу болуп өттү. Жолугушууну ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев жетектеди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара конструктивдүү жана ачык диалог форматында өттү. Тараптар жалпы көңүл бурууну талап кылган маселелерди талкуулашты. Өзгөчө, чет өлкөлүк адистерди жумушка тарткан компаниялар мыйзамдар боюнча өз убагында маалымат берип туруусу, ошондой эле Кытай жарандарына Кыргызстандагы негизги укуктук талаптарды, коомдук жүрүм-турум эрежелерин жана жергиликтүү салт-санааларды так түшүндүрүп берүүсү зарыл экени белгиленди.

Министрлик биргелешкен иштердин негизги максаты — бардык жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн туруктуу жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу экенин баса белгиледи. ИИМ Кытай бизнес-коомчулугу менен ачык кызматташууга даяр экенин жана мүмкүн болгон жаңжалдардын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди.

ИИМ мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана өз ара урмат принциптерин карманарын жана мындан аркы диалогго толук даярдыгын тастыктады.

 

Последние новости