www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы коронавирус илдетине каршы аракеттенүү боюнча олуттуу салым кошууда. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып, ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Бишкек шаарында коомдук коомсуздукту камсыздап, коронавирус илдетин алдын алуу чараларын жүргүзүшүүдө.

Азыркы учурда, ИИМдин Академиясынын Бишкек жана Чүй облусунун аймагында жашаган бардык кызматкерлери менен курсанттары Бишкек шаарынын көчөлөрүндө орнотулган посттордо коомдук коопсуздукту камсыздоодо карантиндик режимдин эрежелерин бузууларын алдын алуу боюнча тартылган. 

Коронавирус илдети менен күрөшүү эбегейсиз чоң физикалык жана моралдык жактан күч талап кыла тургандыгын баарыбыз түшүнө билишибиз керек.

ИИМдин Академиясы укук коргоо багытындагы, азыркы кырдаал учурунда кызмат өтөп жаткан жалгыз жогорку окуу жай болуп саналат. 

Мындан тышкары, ИИМдин Академиясы аймакта жашаган курсанттарды аралыктан окутуу сабактарын уюуштуруп улантууда. 

Бардык кызматкерлер жана курсанттар жеке коргонуу боюнча атайын каражаттары менен камсыздалган, ал эми казармалык абалда жашаган курсанттарга күнүнө 3 жолу тамак-аш берилип турат.

Постто турган кызматкерлерге жана курсанттаргы жарандардын ыраазычылык жылуу сөздөрү – ИИМдин Академиясынын гана эмес, жалпы милиция кызматкерлеринин алардын көз карашында абройлугун күбөлөндүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости