www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Текебаев саясаттан Роза апчесин да ала кетсе, сонун иш жасамак", - мындай пикирди коомдук ишмер Кадыр Кошалиев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу саясатчы Өмүрбек Текебаевге болгон кайрылуусунда жазды. Коомдук ишмердин сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Уйкуну жыйыштырып, түн жарымга чейин Өмүрбек Текебаевдин жаңы 1 сааттык видео маегин көрдүм. Отуз жылдык саясатта жүргөн өмүр жолундагы оош-кыйыштарына ачык токтолуптур. Жеңген-жеңилген жерлерин моюнга алганы жакты. Азыркы коомдук-саясый кырдаал, социалдык-экономикалык абал, парламенттин деңгээли, туташ кризистин уланып жатышы ж.б. маселелер боюнча суроолорго жооп берип жатып, эл да, өзү да ыраазы эмес экенин кыйытыптыр. Анысы туура, бирок мындай мышык ыйлай турган абалга кимдер алып келгендигин ачык айтууга эрки жете бербептир. Элди күнөөлөгөн жерлери да бар экен.

А бирок бузук системаны орноткондордун анабашында өзү тургандыгын, өзү айткан саясый-юридикалык документ болгон Конституцияны сырткы күчтөрдүн заказы боюнча башында өзү туруп жазгандыгын, Убактылуу өкмөт тарыхый мүмкүнчүлүктү колдоно албагандыгы, жыйынтыгында өлкө азыркыдай саясый-экономикалык колапска келип кептелгендигин өздүк персонуна байланыштырбай караптыр.
Өмүке эмне болгондо да тарыхта аты калган саясатчы, жарым жарылбай мынча болду, “тарс” эте толук жарылса болмок экен. “Саясаттан кетүүгө да даярмын, эгер кете турган болсом, кесибиме кайтып, физика жана саясат таануу боюнча онлайн жолугушууларды, сабактарды уюштуруу жагын ойлонуп жатам” деген жери жакты. Эң туура кыласыз, саясаттан кетүү менен Кыргызстанга чоң пайда келтиресиз. Убагында кетүү да чоң эрдик. Кечиккендерди көрүп жатабыз. Сиздин фанаттарыңыз эл ичинде дале толтура. А мүмкүн ичиңизде ачылбай калган физик мугалимдик жөндөмүңүз толук ачылса, ошол жагынан коомго көбүрөөк пайдаңыз тийиши толук ыктымал.

Сизге чын дилимден даңгыр жол каалайм, болгону элге зыяны жок, кылдай болсо да пайда алып келген иштердин каарманы болуңуз. Баса, дайыма эле башын батышка буруп турган Роза апчемди да саясаттан мугалимчиликке биротоло ала кетсеңиз өтө сонун иш жасаган болот элеңиз. Анткени, бири-бириңерди угуп, колдоп жүрбөйсүңөрбү...",-деп жазган Кадыр Кошалиев.

Кадыр Кошалиев: НПО разрушают национальную идеологию
Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости