www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнь күнү жалпы коомчулук Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөдө. Ааламда балдар жана балалыктан баалуу жана кымбат эч нерсе жок. Ошондуктан биз бүгүн, жылдыгыдай эле балдарды аталган майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Жашообуздун шам чырагы болгон балдар, мындан ары да бекем ден соолукта болуп, бактылуу өмүр сүрүп, баарыбызды жаркын келечекке алып келсин. Бүгүнкү күн толугу менен республикабыздын жаш атуулдарына арналат. Балдар биздин колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж.

Андыктан, балдардын укуктары менен эркиндиктери эч качан чектелбешине ар бирибиз кам көрүү менен аларга татыктуу билим берип, ден соолугун чыңдайлы. Ошол эле учурда алар эч качан турмуштун оош-кыйышына кабылбай, ойлогон ой-максаттары, тилектери орундалышына ар бирибиз салым кошолу. 

Бул майрамды белгилөө менен таң заарда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өкүлдөрү, эчактан эле аларды өз камкордугуна алган Красноречинск, Беловодск, Жалал – Абад шаарында жана Ош шаарында жайгашкан “Алтын уя” балдар-интернаттарында тарбияланып жаткандарга конокко барышты. Балдар аларды өзгөчө маанай менен тосуп алышты, анткени коноктор алар үчүн таттуулар менен кошо оюнчуктарды, окуусуна зарыл болгон кеңсе буюмдарын ала барышкан. Аскер кызматкерлери балдарды колбашчылыктын, анын жетекчилигинин атынан майрамдары менен чын дилден куттуктап, аларды окутуп, тарбиялап, кам көрүп келе жаткан мугалимдерине, тарбиячыларга, мектеп-интернаттын жетекчилерине терең ыраазычылык билдиришти. 

КР ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгы, өздүк курамы мамлекетибиздин жаркын келечеги болгон балдарыбызды бүгүнкү майрамдары менен куттуктап, ар бир баланын жүзүнөн күлкү кетпей, бактылуу балалык, ачык асман, бекем ден соолук, келечекте мыкты адамдардан болуусун каалайт", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости