www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Чүй ОИИБнин Жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Тимур Мирсадык уулу билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 1-июнда түштөн кийин Бишкек-Нарын-Торугарт ички жолунда, тагыраак айтканда Кант шаарынын чыга бериш жеринде болгон.

“Үч “Хонда Одиссей”, “Hyundai”, “Жигули” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча эки киши жабыркаган”,-деди ага тескөөчү Тимур Мирсадык уулу.

Ошондой эле, ал учурда жол кырсыгы эмне себептен келип чыкканы тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатканын, кийин черээк кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости