www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жакында Казакстандагы “Верный капитал” инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди. 

"Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу унаалар Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо “тергөөгө кийлигишпейин” деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ТЭЦ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү? Арыдан бери болуп, чечкиндүү кадамдар керек азыр. “Свои” деп коргогон менен, болбой калды бул жагы. Менде күч органдарына дагы бир конкреттүү суроо.

Жакында Казакстандагы “Верный капитал” инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Билайндын чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок, өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду. Албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле, эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган?",- деп жазган  Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости