www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко балдарды коргоо багытында иштей турган өзүнчө социалдык кызматты түзүүнү сунуштады.

"Турмуштук кыйын кырдаалда калган балдарды аныктоо системи акырына чейин натыйжалуу иштебей жатат. 2015-жылы кабыл алынган Балдар жөнүндөгү кодекске түзөтүү киргизүү керек, анткени балдарды коргоо боюнча ишти күчөтүү зарыл. Биз көп балдар ар түрдүү турмуштук кырдаалдарга туш болоорун көрүп жатабыз. Анын ичинде ата-энеси акча тапканы кетип, кароосуз калган балдарга карата өкүм-зордук күч алууда. Ушуга байланыштуу балдардын укугун коргоо механизмдерин күчөтүү керек", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости