www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы негизделгендигинин 79 жылдык маарекесин белгиледи. Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчылыгынын аймагында Колбашчы полковник Исламбек Кенжегуловдун, аскер кызматкерлеринин жана чакырылган коноктордун катышуусунда өттү.
Колбашчы полковник Исламбек Кенжегулов аскер кызматынын өздүк курамын куттуктап, күжүрмөн даярдыктарындагы жетишкендиктери менен кесипкөйлүүлүктүн жогорку деңгээлин, кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарып жаткандарын белгиледи. Кызматында айырмалаган аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри менен Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысынын буйруктарына ылайык медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чаранын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскердик оркестри тарабынан уюштурулган концерттик программа көрсөтүлдү.
Тактама иретинде: Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин калыптануусунун тарыхы өзүнө 1941-жылы 26-августунда СССРдин Мамлекеттик коргонуу комитетинин Токтому менен темир жол, кайтаруу жана ыкчам аскерлер бириктирилип, СССРдин Ички иштер элдик комитетинин Ички аскерлер башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун алкагында 2014-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамына кирген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 Жарлыгы менен Ички аскерлер кайра Кыргыз Республикасынын ИИМдин курамына кошулган.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматкерлери ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып, коомдук тартипти камсыздап, өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар мамлекеттик обьекттерди кайтаруу тапшырмаларын аткарууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости