www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын комага түшкөнү жана ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүп бергени сөз болууда.
Нью-Йорк Посттун Түштүк Корея медиасына байланыштырган кабарына ылайык, Түштүк Кореянын экс-президенттеринин бири Ким Дэ Чжундун кеңешчиси Чанг Сон Мин Түштүк Корея медиасына жасаган билдирүүсүндө, бул жылы маанилүү иш-чараларга катыша албаган Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын ден соолугу жакшы эмес экендигин айтты. Ал: “Комада экенин болжолдоп жатам, бирок жашап жатат”, -деди.
Ким”дин карындашы Ким Ё Чжон өлкө башкаруусуна жардам бергенге даяр экендигин билдирген Чанг: “Так чечим чыгарыла элек, бул себептен улам Ким Ё Чжондун аты аталууда” деп белгиледи.
Йон-хап агенттигинин кабары боюнча Түндүк Корея Улуттук Чалгын кызматынын өкүлдөрү, депутаттар менен болгон жабык жыйында Түндүк Кореядагы бийликтин алмашуусу Кимдин башкаруусундагы стрессти азайтуу, саясий ийгиликсиздик абалында күнөөнүн багытын бурууну көздөгөнү айтылган
Ким Чен Ын комага түштү, өлкөнү карындашы башкарууда.
Булак: NazarNews.kg