www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Советтик армиянын чектелген контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгына быйыл 31 жыл толду. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол себептен ИИМдин Ички коопсуздук аскер  кызматынын Колбашчысы тарабынан бекитилген пландын негизинде 2020-жылдын 10-15-февралында Ички коопсуздук аскер кызматында Ооган согушунун ардагерлерин сыйлоо, эскерүү жана эрдик сабактары өткөрүлдү.

2020-жылдын 14-февралында ИИМдин Ички коопсуздук аскер  кызматынын Колбашчылыгынын клубунда бул күнгө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өтүп, бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Ардагерлер 2010-жылы Ош коогалаңында кызматтык милдетин аткарууда каза болгон, Ооган согушунун ардагери подполковник Ибрагим Кулбаевдин эстелигине гүлчамбар коюшту. 

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысы баардык ардагерлерди куттуктап, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйлады. 

Ооган согушунун ардагери генерал-майор Ашырбек Бакаев өзүнүн күжүрмөн досторун  бул кубанычтуу күн менен куттуктап,  аларга бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалады. 

Конокторго Афганистандагы согуш жөнүндө документалдык фильм көрсөтүлдү. Иш-чараныны аягында конокторго майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Тактама ирээтинде: 2020-жылдын 10-15-февраль күндөрүнүн аралыгында ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө Колбашчы тарабынан бекитилген иш-чараларга ылайык Ооган согушунунда курман болгондорду эскерүү, ардагерлердин катышуусунда иш-чараларды өткөрүү  пландалган.

Бул согушка Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынан 21 аскер кызматкери катышкандыгын белгилеп кетүү керек. Алардын ичинде генерал-майор Аширбек Бакаев, полковник Жумабек Абдуллаев, полковник Байышбек Жайлоев, полковник Владимир Бухов жана башка офицерлер бар.

Алардын күжүрмөн тажрыйбасы менен кайраттуулугу Мекендик коргоочулары үчүн моралдык дем-күчүн көтөрүүгө, профессионалдык чеберчиликтерин жогорулатууга кызмат кылат. 

Афганистан Демократиялык Республикасындагы согушка 7141 кыргызстандыктар катышкан.  Ал жакта 300 ашык кыргызстандык курман болуп, айрымдары алган жараттарынан каза болушса,  4 адам дайынсыз жоголуп, 1500 адам жаракаттарды алышкан.

Баатырдыгы жана эрктүүлүгү үчүн, аскердик милдеттерин кайраттуулук менен аткаргандыгы үчүн 200) ашык аскер адамдар,  кызматкерлер менен жумушчулар  СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланышкан (ошондой эле согушта курман болгон он миңдеген адамдар дагы).

Афганистандагы Советтик аскерлердин Чектелген контингентинин курамынан 66 аскер кызматкери Советтик союздун Баатыры наамы, алардын ичинен биздин кыргызстандыктар Исламов Юрий и Гущин Сергей (ошондой эле курман болгон 23 аскер кызматкер дагы) дагы ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости