www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Читадагы полиция мекемесинин сайтындагы маалыматка таянсак, Россия Федерациясынын аймагында тыюу салынган "Иегова күбөлөрү" диний уюмунун мүчөлөрү жыйындарды өткөрүшүп, кайрымдуулук үчүн акча каражаттарын чогултушкан.

10-февралда Россиянын айрым аймактарында Иегованын күбөлөрүнүн үйлөрүнө массалык тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

 Ал жерден үчөөнү дароо кармашып, төртүнчүсү- Вадим Куценкого түндө келишкен. Алар Куценкодон мыйзамсыз иш-аракетин моюндашын талап кылган.  Бул тууралуу The Insiderге анын адвокаты Артур Ганин айтып берген: “Алар аны тумчуктурушуп, электрошокер колдонушкан. Курсагына, буттарына ток урдурушкан. Бетине, омуртканын моюн бөлүгүнө муштаган. Ал эми Куценко моюн бөлүгүндө жарааты болгондуктан, ал тарапка урбоону суранган”,-деп кабарлаган ал. Адвокаттын айтымында кыйноолор коркутуу менен коштолгон.

Вадим Куценконун жарааттарынын бири

Адвокаттын айтымында анын кардары күнөөнү моюнуна алуудан баш тарткан. Шектүүнү тергөөчүгө алып барышканда ал кыйноолор жөнүндө айтканы менен тергөөчү эч кандай чара колдонбостон, кайра эле ошол кызматкерлердин коштоосунда убактылуу кармоочу жайга жиберген.

Адвокат Артур Ганиндин айтымында башка диндар адамдарга да кысым көрсөтүлгөн: “Диндар кишилердин бирине: “Сенин аялыңды зордукташып, биз анын тартылган видеосун сага көрсөтөбүз”,-дешкен.

10-февралда Иегованын күбөлөрү алардын үйлөрүндө массалык тинтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтышкан. Тергөө иштери Читада, Шилка, Хилка ж. б. жерлерде жүргүзүлгөн.

Ал аймактардан 4 киши кармалган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын аймагында 300дөн ашуун диний агымдар бар. Алардын ичинде Иегованын күбөлөрү диний уюму дагы катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости