www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен жыл соңундагы салтка айланган жолугушуусу 25-декабрда мамлекеттик резиденцияда өттү. Жыйынга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 180ден ашык журналисттер катышып жаткандыгы айтылды. Анын ичинен 30га чукул МКК өкүлдөрү президентке суроо берүү “бактысына” ээ болду.

Дээрлик үч саатка созулган жыйындан кийин мамлекет башчысына жолдончу суроолорун узата албай калган журналисттерде нааразылык пайда болду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Т. Стамалиеваны алдын ала даярдап алган тизмесине ылайык “удобный” ММКларга сөз берип жатат, — деп күнөөлөштү. Коомчулукта эки ача пикир пайда болуп, айрымдары президент суроолорго “от души” жооп берди десе, экинчи тарабы “Премьер-министр кылган иштерди “мен жасадым” деп айтты, — деген пикирин билдирүүдө.

Анткен менен көпчүлүктү кызыктырган суроолор да берилбей койгон жок. Мисалы, мурдагы президент Атамбаев экөөнүн ортосундагы маселеге С. Жээнбеков мындай деди:

— Ал канча айтса да, мен көңүл бурган жокмун. Өзүңөр көрүп жаттыңар. Себеби мага мамлекеттин, элдин тынчтыгы, биримдиги, бүтүндүгү абийиримен да, тагдырыман да бийик турат. Мамлекетти экиге бөлгөнгө, бийликти басып алганга чакырыктар болуп жатты. Баарына чыдадым, “эми токтоор” деп күттүм. Бирок аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келди. Маселе эми мыйзам чегинде чечилет. Ал азыр менин колумда эмес. Ага чейин экөөбүздүн колубузда болчу…

Президенттик шайлоодо негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткенине байланыштуу суроого:

— Бабанов шайлоодо мага негизги атаандаш болгон, кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага да менин атымды аралаштырганга аракет кылышты. Анын партия лидерлигинен кеткенин сыртта жүрүп уктум. Ал киши тууралуу башка сөздү айтканым туура эмес болуп калат, — деп, теледебатта айткан Бабановго берем деген 25 суроону эми тергөө органы бере турганын кошумчалады.

— Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Бажыдагы коррупция бардык кезде болуп келген. Аны көзөмөлдөй турган органдар, президенттер өздөрү чогуу схемада отурган. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы “капчык” деген жок. Мен жогуна кызыкдармын. Ошондуктан санариптештирип жатабыз, — деди президент Р. Матраимов жөнүндөгү соболго.

Ал эми “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү уйгур тектүү ишкер Хабибулла Абдыкадыр менен тааныш экенин ырастап, бирок эч кандай бизнес ымаласы жоктугун ачыкка чыгарып, Ошто губернатор болуп турганда Кытайдын Кызыл-Суу автоном облусу менен 2013-жылы бизнес форум өткөргөнүн, ошол форум аркылуу таанышып калып, кийин Атамбаевге алып келип тааныштырганын, бирок кээ бирөөлөр ойлогондой аны менен бизнес мамилеси жок экендигин кошумчулады.

Мындан сырткары Президент С. Жээнбеков чек ара маселеси, сөз эркиндиги, ЖКдагы иниси — Асылбек Жээнбеков, кудасы — Алиярбек Абжалиев, элчиликке дайындалган Азимбек Бекназаров, абакта отурган Садыр Жапаровдун бошотулушу жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

Айтмакчы, Отунбаевнын “батыш маданияты” жөнүндө да өз оюн айтты.

М. Аскаров.

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости