www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 8-9-февралда, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында "Дилгир" лигасы Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы менен биргеликте 30 жаштан жогору аялдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өткөн. Мелдешке көпчүлүгү пагон тагынган кыздардан куралган "Береке" командасы да катышкан эле. Команданын мүчөсү ИИМдин Академиясында инспектор, милициянын майору Айталиева Айжамалды NazarNews.kg маалымат агенттиги кепке тарттык.

--"Дилгир" лигасына кантип кошулуп ойноп калдыныз эле?

Мен өзүм буга чейин ИИМдин "Динамо" клубунда ойночумун. "Динамо" волейбол командасынын капитаны Сраждинова Каныкей "Дилгир" лигасы тууралуу айтып калды. Атайын бул команданы пагончон кыздардан түзөлү деген чечимге келип, биз менен ойноп жүргөн Аскер институтунун кызматкер кыздарын жана "Жал Сейтек" командасында ойногон эки кызды чогултуп, "Береке" деген команданы түздүк.

-- Команда түзүлгөндө кандай кыйынчылыктар болду?

--Башында жаңы түзүлүп, бири-бирибиздин ойногонубузду жакшы билбей, көп каталарды кетирчүбүз. Бара-бара талыкпаган машыгуунун арты менен 2019-жылы Ысык-Көлдө өткөн финалдык беттешүүдө биринчи орунга ээ болдук.

-- Кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрү боюнча КРнын чемпионатына канча команда менен ат салышты?

-- Мелдешке өлкөбүздүн жети облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 12 команда ат салышкан. Болуп өткөн мелдеште "Береке" командасы байгелүү 2 - орунга ээ болдук.

На изображении может находиться: 7 человек, в том числе Eliza Asilbek и Айталиева Айжамал, люди улыбаются, люди стоят

Булак: NazarNews.kg

Последние новости