www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 54 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу ИИМдин АКАКтын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 30-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 54 жылдыгын белгилешти.

Аскердик бөлүктүн командиринин убактылуу милдетин аткаруучу подполковник Кутманбек Ашымов өзүнүн куттуктоосунда, бөлүктүн тарыхы – бул жан аябас эмгектин, өздүк курамдын кайраттуулугунун жана баатырдыгынын, Мекенинин чыныгы атуулдарынын жылнамаасы экенин белгиледи. Аскердик бөлүк түзүлгөн күндөн тартып, мамлекетибиздин жетекчилиги тарабынан, аскер бөлүктүн калыптануусуна ар дайым жардам көрсөтүлүп турду. 1980-жылы аскер бөлүктүн өздүк курамына Москва шаарында өткөн 22-Олимпиядалык оюндарда, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишеничи берилген. Жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрүнүн негизинде аскер бөлүк СССРдин ИИМдин Ички аскерлеринин Аскердик Кеңешинин Туусу, СССРдин ВЛКСМдин Борбордук комитетинин  Кызыл Туусу жана башка  жогорку даражадагысыйлыктар менен бир нече жолу сыйланган.

Салтанаттуу иш-чарада аскер бөлүктүн бир нече аскер кызматкерлери  Ички коопсуздуктун аскер кызматынын Колбашчысынын, аскер бөлүктүн командиринин жана биргелешип иштеген органдардын жетекчилеринин буйруктарынын негизинде төш белгилер, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Мамлекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу салтанаттуу иш-чарага аскер бөлүктүн ардагерлери жана меймандар чакырылган жок.

Иш-чаранын соңунда өздүк курмага майрамдык концерт тартууланып, жоокерлерге майрамдык тамак уюштурулду.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости