www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Львов облусунда 36 жаштагы аял 2 кызын өлтүрүп, андан соң өзүнүн жанын кыйды. Бул тууралуу аталган облустун полициясы билдирди.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы аялдын жана анын эки кызынын — 5 жана 6 жаштагы кыздардын жансыз денесин эс алуу үйүнүн короосунан табышкан. Алар атылган октон улам көз жумушкан.

Окуя кечээ, 29-сентябрда болжол менен саат 22:30 чамасында болду. 36 жаштагы аял 2 кызын мылтык менен атып, андан соң ошол эле мылтык менен өзүн аткан.

Учурда адам өлтүрүү жана өзүн-өзү өлтүрүү фактылары боюнча кылмыш иши ачылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости