www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин имараты жергиликтүү ишкерлердин каржылоосу менен оңдолуп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, имарат 1974-жылдан бери оңдоп-түзөлө элек.

«Учурда капиталдык оңдоп-түзөө жана реконструкция иштери аткарылып жатат. Бюджеттен бир дагы тыйын сарпталган жок. Жергиликтүү ишкерлер ремонт жасоо демилгесин өздөрү көтөрүп, жумушчу күч тартышты», — дешти ИИМден.

ИИМ режимдик объект болгондуктан курулуш жана реконструкция иштери толугу менен министрликтин Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости