www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин өкүлдөрү Ялкун Даутов менен Маралбу Биянки, Солдаттардын энелеринин кеңешинин төрайымы Уулкан Байгубатова менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы фильтрациондук посттордун, жөө кайгуулдардын ишине мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин алдында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин  биздин республиканын жарандары аткаруусун камсыздоо боюнча тапшырмасы турат. Ушуга ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши фильтрациондук постторго ар убак мониторинг жүргүзүү менен бирге, посттордо кызмат өтөп жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин уюштуруучулук ишине көзөмөл жүргүзүү   милдеттери экендигин белгилешти. 

Ошондуктан, Бишкек шаарындагы жана Чүй облсунун аймагындагы постторго ар убак мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан посттордогу ички иштер органдарынын уюштуруучулук ишине анализ жүргүзүү максатында ишке ашырылууда. 

Коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруу маалында Кыргыз Республикасынын ИИМдин алдында коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн посттордогу кызматкерлердин уюштуруучулук ишинин канчалык натыйжалуу экендигин Коомдук кеңеш анализдөөлөрү кажет.  Андан сырткары, посттордогу ички иштер органдарынын  аталган илдеттин жугуп калуусунан коргоочу каражаттар менен жабдылгандыгын көрүп келүү алардын күн тартибинде каралган. ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү мониторинг жүргүзүү учурунда посттордо коомдук коопсуздукту камсыздап жатышкан бардык кызматкерлер менен баарлышышты. 

Бүгүнкү жолугушууда  ички иштер органдарынын кызматкерлерине 200 бет кап, 500 бөтөлкө суусундук менен шириндик, азык-түлүк салынган баштыктар таратылды. 

Коомдук кеңештин тарабынан блокпосттордун ишине мониторинг жүргүзүү жана ушул сыяктуу акциялар 2020-жылдын 26-мартынан баштап өткөрүлүүдө.

Карантин киргизилген учурдан баштап, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы бардык постторду кыдырышты. 50 ашык постторду кыдырышып, 2000 ашык бет каптарды беришип, 200 кызматкер үчүн ысык тамак уюштурушуп, тамак-аш менен коргонуучу каражаттарды таратышкан.

Биздин өлкө үчүн ушундай оор учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кеңеши кайдигер карабаган жарандардар менен кошо күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлерин колдоошууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости