www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин эки чоң ката кетирди. Бул тууралуу америкалык The Washington Post басылмасы жазып чыкты.

“Азыр ал өз бийлигинин эң коркунучтуу кыйынчылыктарынын бирине туш келди”,-деп эсептейт макаланын автору, Пен-Байден Дипломатия жана глобалдык катышуу борборунун башкаруу директору Майкл Карпентер.

Анын айтымында, көрүнүктүү тактика менен кадыр-баркка ээ болгон Путин акыркы бир нече аптада эки ката кетирди. Биринчиси-март айынын башында, ал Сауд Арабиясынын мунай базарында баалар боюнча согуш жарыялоону чечкенде.

Бул менен Россиянын лидери АКШдагы сланец мунай өнөр жайын жок кылууну көздөп жаткандыр, бирок баалардын төмөндөшү Россиянын экономикасына дагы таасирин тийгизди.

Путин пандемия жаңы күч алганда, Россия жакында COVID-19 коронавирус инфекциясын жеңет деп ишенип алып, экинчи катасын кетирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости