www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги акын, журналист Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, айрым саясий маселлер боюнча ой бөлүштүк.

--Сонунбүбү эже, өкмөт отчёт берип, Жогорку Кеңештин депутаттары уккандан маселе чечилип, элдин жашоосу жеңилдеп жатабы?

--Элдин маселесин  өкмөт, бул кебетесинде чече албайт. Себеби, иштеп жаткан адам минтип сүйлөбөйт, минтип жооп бербейт. Маселенин баарын майда чечебиз дешкени менен иш бүтпөй жатат. Айтайын дегеним, мына май деле келип калды. Баары эле баягыдай. Сыягы, айлаларын таппай акыбалдары оор болуп жатат окшойт. Кийинки кезде эми кантет экен деп боорум ооруй баштады.

Ал эми депутаттар болсо, талылуу маселелерди көтөрүп, өкмөт мүчөлөрүнүн эстерин оодарбай жөн эле суроо берип, жооп алымыш болуп отурган сыяктуудай сезилет.

--Бюджетте тартыштык болоору ачык эле айтыла баштады. Эми кантип бюджетти толтурат деген маселе жарала баштады го?

--Бюджетти толтуруш үчүн эң биринчи өлкөбүздөгү көп киреше тапкан ишканаларды милдеттүү түрдө мамлекеттин карамагына алуу керек. Мисалы, электр энергиясын, мегаком сыяктуу ишканалардын кожоюндары талашпай, туура түшүнүп эми пайдасын  эл көрсүн деп өткөрүп берүүсү керек. Ошондой саясат болгондо гана бюджет толуп, маселе чечүү жеңилдейт.

--Өкмөттүн майда жарыялайбыз деген антикризистик программасы элди каатчылыктан сактап кала алабы?

--Жок. Өкмөт кризиске каршы программа иштеп чыгыш үчүн алгач өздөрү кризис эмне экенин жон териси менен сезиши керек. Антпесе, кризиске каршы программаны ишке ашырыш кыйын. Бул программа буга чейинки мамлекеттин догмага айланган көз карашын жоюп эркин жол менен түзүлүшү керек. Кудайга шүгүр биздин уучубуз куру эмес экен. Көрүп атабыз го. Элдин түйшүгүн жакындан көтөрө ала турган азаматтарыбыз бар экен. Ошолорду чогултуп кырдаал кыйын мезгилде амбицияны артка таштап,  иш алып барыш керек. Болбосо эл кыйналып калат. 

--Мындай учурда өкмөт алмашыш керекпи же өлбө жаным өлбө деп эптеп иштеген өкмөт иштей берсин деп отура беришибиз керекпи?

--Өкмөт түп тамырынан өзгөрүшү керек. Бул азыркы учурдун кечиктирилгис талабы. Жок дегенде өлкөбүздүн башына иш түшүп турган ушундай учурда ажобуз эл менен эсептешип, элдик өкмөт түзүп, кырдаалдан тез чыгууну колго алышы керек. Эл ичинде иш десе иштин көзүн таба алган, акыл десе акылы бар, жетиштүү тажырыйбасы бар, азаматтарыбыз бар. Элди азапка салбай, ошолордун жардамы менен абалды жөнгө салышыбыз керек. Ошондой эле буга чейин мамлекеттик кызматта иштеген эмес деген сокур ичегидей болгон түшүнүктөрдөн арылып, кадрды уюштуруучулук жөндөмүнө, дараметине, иштин көзүн таба билгенине карап тандашыбыз керек. Антпесек, мамлекеттик кызматта иштеген эмес деп отура берип, баарын иритип бүткөн системанын рагынан арыла албай калабыз. 

--Өкмөттүн иши сынга кабылган сайын, парламент да тарашы керек. Жок дегенде парламент тарап кетип, элге жакшылык кылышы керек деген пикирлер коомчулукта көбүрөөк айтыла баштады. Парламент тарасын дегендерге кошуласызбы же калсын дегендердин катарын толуктайсызбы?

--Парламенттин тарашы, тарабашы азыр көйгөйлүү маселе деле эмес. Алардын азыркы шартта анчалык деле  зыяны жок. Эң алгач өкмөттүн курамын тактап, ишти жөндөй албаганын кетирип, иш билгилерди алып келип, тез арада ишке киргизиш зарыл. Болбосо өкмөткө, парламенке асылып, аларды айдап чыгып, ызы-чуу болуп жүрүп алсак убакыттан уттуруп койобуз. Эртең эле кыш келет. Ошондо элдин көйгөйү андан бешбетер оорлойт. Ошон үчүн ал кетсин, бул кетсин деп отура бербей ишти алдыга жылдыра беришибиз керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости