www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Нью-Йорк штатында өлгөн адамдарды көмүү кызматынын кеңсесинин жанындагы оор жүк ташуучу унаалардан 10догон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу "The New York Times" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарынын полиция кызматына саат 11лер чамасында жергиликтүү тургундар кеңсе жактан жагымсыз жыт келип жатканын айтып арызданышкан. Жерине келген укук коргоо кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардан 10догон жансыз денелерди табышкан. Бул окуя менен тааныш болгон адам маркумдарды көмүү бюросунда иштегендер тоңдуруучу камералары иштебей калгандыктан, сөөктөрдү оор жүк ташуучу унааларга сактап келишкендигин айткан.

Каза болгондордун арасында коронавирус инфекциясынан канчоо каза болгону тууралуу маалымат айтылган эмес. Бирок учурда Нью-Йоркто вирустан каза болгон адамдар көп болгонуна байланыштуу аталган атайын компанияларга чоң күч келип жаткандыгы айтылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда миллиондон ашуун адам коронавирус жуктуруп, 60 миңден ашуун бейтап көз жумган. Каза болгондордун 18 миңден ашууну Нью-Йорк штатында катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости