www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 18-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын негизделгенине 54 жыл толду. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Түптөлгөн күнүнө карата ИИМдин Күзөт кызматынын түзүмбүк бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Алардын биринде, Ведомстволук милиция полкунун саптык майданында кызматкерлерди ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги, милициянын генерал-майору Талантбек Исаев жана орун басары, милициянын полковниги Эрк Тажиев катышышты. Салтанаттуу иш-чарага арналган мааракеде милициянын генерал-майору Т. Исаев кызматкекерлерге өзүнүн ак ниеттүүлүгү менен жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн медаль, төш белги, ардак грамота жана алкыш менен сыйлоо ыйгарды.

Милициянын генерал-майору Талантбек Исаев “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин социалдык-материалдык жактарына өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгиледи, буга күбөө 2020-жылдын 1-январынын тартып жалпы ИИОнун кызматкерлери айлык маяналарынын жогорулашы, жогоргу деңгээлде мыйзам менен социалдык камсыздандырууну бекитүүсү чоң жетишкендик экендигин” – сөзүндө белгиледи.

Булак: NazarNews.kg
    

 

Последние новости