www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.

Бул министрликтин орун басары пара менен колго түшсө, маанилүү орунду ээлеген министр Бейшенов Жанат Саматович өзү жыйынга келбеди. Мына ушул мамиледен улам мамлекеттик маанидеги жолдордун, мамлекетттин казынасына түшчү акчалардын маселесин чечилип жатканда алардын бири да жоктугунан улам кандай кырдаалда отурганыбыз байкалып турат. Ушундай орчундуу маселени чечип жатканда керек болсо министр өзү биринчи чуркап келиш керек болчу.

Анткени Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Андыктан буга чейин Кытайдан алган чоң карыз Кыргызстандын мойнуна илинип, керек болсо  кыргыз жеринин бир бөлүгүн алууга Кытай тараптын көзү кызарып тургандыгын дүйнө коомчулугу билет.

Ошондуктан пайдасы мамлекетке түшө турган мындай долбоордун түзүлүшүнө кызыкдар кызматтагы киши катары сөзсүз катышышы зарыл эле.

Кайра-кайра кредит алып, жолдорду салган менен жолдор да сапатсыз курулуп жатат. Анысы аз келгенсип, Бажы кызматындагы жүк ташуучу унаалар мыйзамда көрсөтүлгөн өлчөмдөн өтө ашык жүктөрдү коррупциялык схемалар аркылуу өтүп жатат жана жолдор баягыдай эле бузулуп жаткандыгы мышык ыйлай турган абал. Карызды алаарын алып отуруп, 2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4 млрд 587,26 млн долларды (319 млрд 474,64 млн сом) түздү.

Жалпы карызды пайыз менен карай турган болсок, тышкы карыз 83,9% түзсө, ички карыз 16,1%.

Мамлекеттин тышкы карызы - 3 млрд 850,73 млн доллар же 268 млрд 179,79 млн сом.

Мамлекеттин ички карызы - 736,53 млн доллар же 51 млрд 294,85 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын тышкы карызы 314 млрд 567,85 млн сомду түзгөн болчу.

Мына ушул көйөгөй азыр керек болсо кыргыз элинин, кыргыз жеринин, кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн коркунучка коюп жаткандыгы жүрөктү оорутууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости