www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги коронавирустан көп эл  жабыркаган аймактардан чогулган акчаларды өрттөнү чечти. Бул тууралуу Business Insider жазып чыкты.

Ал эми өрттөбөй турган банкнотторду дезинфекция кылышмакчы. Акчаны атайын нурдун жардамы менен тазалап жана эки жумага атайын жайга карантинге алышарын айтышты.

Ал акчалар базарлардан, коронавирус көп тараган жерлерден   чогулган. Акчаларды Гуанчжоуда жок кылышарын айтышкан. Кытайдын борбордук банкы коммерциялык кредиттик уюмдарга оору жуккан райондон келген акчаларды өзүнчө сактоого көрсөтмө берген.

Белгилей кетсек, Кытайда күч алган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны Кытайда 74 миңден ашты, 2004 адам каза болсо, 14,4 миң бейтап сакайып чыкты.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости