www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.
Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи.
«Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспорттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», - деп баса белгилеп өттү.
Ал эми талкуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов: "Транспорт жана жол министрлигинде чоң маселелер жаралып жатат. Аталган министрликтен 2 орун басар кармалып колго түштү.
Бүгүн болсо, жыйынга даярдыгы жок келгенсиздер. Белоруссия президенти айткандай: "Лучше быть бедным и на свободе, чем богатым и в тюрьме". Мындан улам, Транспорт жана жол министрлигинин башчысына бул маселелерди "үйүп" албайсыңарбы?! Кыргыз элин алдап атасыздар! Билбегендериңиздерди "билбейм" деп айткыла да!"- деди ЖК депутаты, Сайдулла Нышанов.
Булак: NazarNews.kg