www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын полковниги Раим Салимов Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Салимов ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген.

“Салимовго эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында гана эмес, укук бузууларды алдын алуу боюнча дагы активдүү иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлдү” , - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

ИИМдин Орусиядагы буга чейинки өкүлү Аскат Алиев КМШ өлкөлөрүндө уюшкан жана оор кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун жетекчи орун басарлыгына дайындалды

Камчыбек Бостон, "NazarNews.kg"

Последние новости