www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баланын жарык дүйнөгө алып келип, бал сүтүн берип чоңойткон бул аты ыйык болгон эне эмеспи. Алардын  кадырын билген да билбеген да адамдар арбын. Айрымдары ата-энем деп ичкен ашын жерге койсо, айрымдары баарына кол шилтеп басып кетишет. Бир убакта балдарым деп  жаштыгын,  ал күчүн, ден-соолугун  кетирген Таалайгүл апа (аты өзгөртүлдү)  азыркы учурда борбор шаарыбыздагы карылар  үйүнүн биринин  жашоочусу. Ал бул жашоо адам баласына ар кандай сыноону жана бакытты тартуу кылаарын айтып, бир убакта балалуу кылып бакыт тартууласа, кийин балдарыңдын энесине кылган мамилеси тагдырдын сыноосу деп түшүнүүгө мажбур кылат экен”- деген Таалайгүл апа кантип карылар үйүнө келип калганын айтып берди.

-Мен Ысык-Көл облусунун тургуну болом. Менин бир кыз, бир уулум бар. Азыркы учурда мен алардын кайда экенин билбейм. Үйдө жалгыз калагандыктан келиним “биз жумушка кеткенде токторду кармап алып өлөсүң, жакшы жерге алып барып коёлубу”- дейт. Мени жакшы жака алып барам десе Ак үйдө иштеген сиңдимдин үйүнө алып барам деп жатабы деп ойлонуп  келе жаткам. Бирок андай болгон жок.  Анан эле ушул жерге киргизди. Документтеримдин баарын даярдап анан мени алып келишкен экен.
-Канча убакыт болду бул жерде жашаганыңызга?
– Мен бул жерге келгениме бир айдан ашып калды. Баары жакшы кийимдеримди, курсагымды жакшы карашат. Ыраазымын. Бир гана балдарыма деген кусалык бар. Балдарым кайда деп сурап калам туугандарымдан. Алар жүрүшөт   аман-эсен. Балдарыңдан  кабатыр болбой өзүңүздүн ден-соолугуңузду караңыз дешет.
-Кызыңыз сизден кабар алып турчу беле?
-Жок айланайын. Дайыны чыкпай кетти. Атасы каза болгондон кийин эле мени карашпай кетип-кетип калышты. Көрсөм айтайын дедим эле. Атаңар өлгөндөн кийин эле мени карабай койдуңар го деп.
-Сагынасызбы балдарыңызды?
-Сагынганда айла жок экен. Күтүп эки көзүм тешилди. Азыркы учурда эки көзүм ооруп,  көрүү мүмкүнчүлүгүм азайып барат. Операция кылуум керек экен. Мындай учурда жаныңда тирек боло турчу балдарың кол шилтесе андан жаман кордук жок экенин мага окшогон энелер гана билсе керек.
– Ак үйдө иштеген сиңдим деп калдыңыз. Ал сизден кабар алып турабы?
-Ооба кабар алып турат. Бирок мага көрүнбөй жатат. Жакында эле кой алып келип берип кетиптир.  Мага көрүнбөй кетиптир. Аны иним айтат келип кетиптир деп. Алар кайдан мага көрүнүшсүн. “Эжемди эмнеге ал жака алып барып салдыңар”- деп бири-бирин жемелеп жатышыптыр. Алар “биз жумушка кеткенде бир нерсе болуп алса ким жооп берет”- деп айтышыптыр. Буйруса азыр жакшы бул жердеги кызматкерлер жакшы карашат.

Булак: "fakt.kg"

Последние новости