www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамы аймактарда “Өзгөчө кырдаал”  жана “Өзгөчө абал” киргизилген күндөн тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.  Бул тууралуу ИИМдин  “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.

"Полктун жетекчилиги жана батальондордун командирлери тарабынан карантин кирген күндөн тарта филтрациондук посттордо жана жөө кайгуул кызматында кызмат өтөгөн өздүк курамга жарандарга коменданттык сааттын тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Анда этияттык, сактык чараларын катуу сактоо, ошондой эле коронавирус илдетине каршы туруу жана алдын алуу максатында күн сайын нускамалар өткөрүлүп келет. Мындай иш-чаралар Полктун аймактардагы бөлүктөрүндө да жүргүзүлүүдө.  

2020-жылдын 22-апрель күнү Полктун штаб бөлүмүнүн инспекторлору Полктун шаар ичинде кайгуул-күзөт кызматын аткарышкан өздүк курамына жетекчиликтин буйруктарын, талаптарын жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшштү.

Ошондой эле, жугуштуу илдеттин жайылышына жол бербөө максатында өздүк курамдын  кызмат өтөгөн аймактарда жарандар менен профилактикалык иштерди жүргүзүүдө жана көчөлөрдө коомдук тартипти камсыздоодо  жеке гигиеналык тазалыгын сактоо, өздүк курамдын жеке коргонуучу каражаттарынын толук камсыздыгы  жана жанына алып жүрүүчү чөнтөк эскертмелери текшерилди. 

Айта кетүүчү нерсе, мындай иш-чараларды уюштуруунун негизги талабы - бул мыйзамдуулукту, тартипти жана кызматтык милдеттерин так туура жана жоопкерчиликтүү аткаруу", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости