www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Гүлжигит Исаков менен доллардын кымбатташы жана акча алмаштыруучу жайларды  жабууга кызыкдар болуп жаткандар боюнча сүйлөштүк.

--Гүлжигит мырза, премьер-министр кызматтан кетпейт, арыз жазды деген фейк маалымат деген сайын Акылбек Жапаров байма бай премьер-министр болууга даяр экенин билдирип жатат го?...

--Кыргыз саясатында өтө примитивдүү бир жагдай бар. Ал "Кайсы жердин кадрын чоң кызматтан алсаң, кайра ошол эле жердин башка кулунун чоң кызматка дайында!" деген эреже. Мунун мисалдарын көрүп эле келе жатпайбызбы. Жерлигине карабастан, басып өткөн жолуна жана компетенциясына карашыбыз керек! Тагырагы, "Оо, элдин байлыгын уурдап, байып алыптыр! Элди мыкты тоноо тажрыйбасы бар экен! Ушуну кызматка дайындайлы!" деген эреже эскирди.

--Өткөндө доллар акча алмаштыруучу жайлардын айынан кымбаттап жатат. Аларды жабыш керек дегендер чыккан. Эмнеге алар иштебесе деле 1 доллар 80 сомго жетти?

-Кыргызстанда коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын чыныгы ээлери кимдер экенин, жетекчилери кимдер экенин анализдеп чыккандан кийин  бул маселенин жообун табасыздар. Акча алмаштыруучу жайлардын ээлери карапайым элдин ичинен чыккандар...

Көмүскө экономикасы 50-65% деңгээлде болгон өлкөлөрдө чукул түрдө баарын көзөмөлгө алуу жагымсыз жыйынтыкка алып келиши ыктымал. Өлкө көмүскө экономиканы азайтам десе, бажыдагы системаны ачык жана тунук жүргүзүүдөн башташы керек. Таза кирген буюмду көмүскөдө сатуунун муктаждыгы болбой калат. Бул жерде тыгыз байланыш бар! Тагыраагы, Курстун өйдө-ылдый болушун акча алмаштыруучу жайга шылтоо Улуттук Банктын жөнгө салуу жөндөмсүздүгүн моюнга ачык эле алуусу деп дагы түшүнсөк болот.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары системаны толук түшүнбөй эле, бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдарды айдактама жол менен, анализи жок эле кабыл алып келгенин көрүп жатпайбызбы?

--Эгер акча алмаштыруучу жайлар жабылса, банкта акча алмаштыруунун машакаты көбөйүп кетпейби?

--Коммерциялык банктар гана акча алмаштырып калса, көмүскөдөгү акчалар сыртка качат. Же бул сектор өзү көмүскөгө кетет. Чыныгы максат баарын ачыкка чыгаруу болсо, анда ал логикалык этап менен ишке ашуусу зарыл. Өлкөгө кирген буюм таптаза жол менен кирсе, баары ачык жол менен эле төлөй баштайт. Накталай акчага болгон муктаждык азаят. Бажыда декларация болуп жатканда башка бааны көрсөтүп, ошонун негизинде аз салык төлөп, анан калган наркын көмүскөдөгү накталай акча менен төлөө улантыла берсе, көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу кыйын болот. Накталай акчага, демек, акча алмаштыруу жайларына болгон муктаждык азайбайт бул темп менен кете берсе. Баары бири-бирине көз каранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости