www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын мурунку жетекчисинин мурунку орун басары Икрамжан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка которулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

2019-жылы 30-октябрда Октябрь райондук соту И.Илмияновду алдамчылык беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салган. Ал эми 2020-жылы 19-июнда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөрткөн. Илмиянов 5,5 жылга эркинен ажыратылып, 800 эсептик көрсөткүч айып салынган. Ошондой эле ал келтирилген 10 млн 397 миң 235 сом чыгымды толугу менен төлөп берген.

Экинчи инстанциянын өкүмү менен Илмияновго карата «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзам колдонулган.

"Илмияновдун жаза мөөнтү 1/3кө, тактап айтканда 8 ай 2 күнгө кыскартылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылы 20-октябрда башталган. Жаза мөөнөтү 2021-жылы 1-декабрда аяктайт.

Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык, оор кылмыш үчүн соттолгондор түзөтүү абагынан жалпы тартиптеги жатак абакка жаза мөөнөтүнүн 2/3 бөлүгүн өтөп бүткөндө которулат. Илмиянов 2020-жылы 27-апрелден кийин жатак абакка которула тургандардын катарына кошулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулгандыгы тууралуу адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев кабары жок экенин билдирген.

“Менде мындай маалымат жок. Икрамжан Илмияновго карата шаардык соттун чечими чыккан соң, ал жаза мөөнөтүн өтөө үчүн Бишкектеги №47-абакка которулган”.

Илмияновго карата Октябрь райондук соту чыгарган өкүм мыйзамдуу түрдө 2020-жылы 19-июнда күчүнө кирген. ЖАМКтын атайын комиссиянын чечими менен 21-июлда ал жатак абакка которулду. Ал дагы 1 жыл, 4 ай жана 14 күн жаза өтөйт.

  • Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов 150 миң доллар алып, Беларусь Республикасынын «Дизель комплект» компаниясынын камакка алынган «БелАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташыган 12 унаасын камактан чыгарууга жардам берген.

  • «Дизель комплект» компаниясынын жетекчиси — Беларусь Республикасынын жараны Николай Грамович.

  • Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында кармалган.

Последние новости