www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүнүн ордуна жакындарына башка кишинин сөөгү берилип калганы жөнүндөгү маалыматты териштире баштады. Бул тууралуу министрлик журналисттерге билдирди.

Чоң атасынын сөөгүнүн ордуна башка бирөөнүкү келгенин “Азаттыкка” Бишкек шаарынын тургуну Айдай Игибаева айтып берип, маркумду атайын кепинге салар алдында жүзүн жакындарына бир көрсөтүшсө туура болот эле деген сунушун билдирген:

“Чоочун кишинин сөөгүн кайра жеткирип берип, чоң атамдын сөөгүн алып келүүгө жетишип калдык. Медиктерге эч кандай даттануубуз жок. Алар чоң атамды сактап калуу үчүн колунан келген аракетин жасашты. Саламаттык сактоо министрлигине да эч нааразылыгыбыз жок. Болгону, бир өтүнүч, жакындарына сөөктү алып кетерде бир каратууга уруксат беришсе”.

Игибаеванын айтымында, чоң атасынын сөөгүн өлүкканадан эмес, дарыланып жатып каза болгон ооруканадан алып кетишкен.

Коронавирустан каза болгондор сөзсүз өлүкканага текшерүүгө жөнөтүлүшү керектиги тууралуу буйрук бар экенин Паталогоанатомиялык өлүккананын жетекчилиги журналисттерге билдирген.

Коронавируска чалдыккандар адегенде инфекциялык ооруканага гана жаткырылчу, кийин башка да медициналык жайлар кабыл ала баштады. Ооруканада орун жетишсиз болгондуктан, Бишкек шаарынын бийлиги күндүзгү стационарларды ачкан. 4-июлдан бери ал жайларда тогуз бейтап үзүлгөнү расмий айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости