www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында «Түнкү өспүрүм жана кароосуз калган балдар» аталыштагы рейдде 2 бала кармалып, анын бирөө балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Рейд, 21-июлда башталып, көчөдө жүргөн бардык өспүрүмдөргө эскертүү берилген. Кечээ, 22-июль күнү Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан А.Масалиев проспектиси менен Ж.Раимбеков көчөсүнүн кесилишиндеги унаа жүрүүчү жолдун ортосунда кароосуз калган өспүрүм тилемчилик кылып отурганда кармалган. Ал Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге «Боорукердик» балдар үйүнө тапшырылды. Бала болжол менен 9-10 жашта.

Балдар үйүнө тапшырылган баланын айтымында, атасы менен апасы ажырашып кеткен. Жанында эч кандай документи болгон эмес.

Мындан сырткары Кара-Суу районунда төрөлгөн 11 жаштагы өспүрүм кармалган. Ал апасы ооруп калгандыктан дары-дармек алуу максатында тилемчилик кылып жүргөнүн айткан. Мындан улам жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ал бала менен кошо үйүнө барышкан.

Рейд бүгүн, 23-июлда да уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости