www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Шоопур» бийликти тизгиндеген доордо тирукмуш жетекчилер болду го, чиркин. Ошол доордун бир мисалы, Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, тактап айтканда экс-губернатору Аскат Акибаев бизнеси менен алек. Жакында кызын турмушка узатып куда күттү.
Областы жетектөө оюнчук эмес да, канткен менен ага тажрыйба жөндөм керек дегендей. Мындан улам Акибаевдин кандай жетекчи болгонун айта албайбыз. Айтууга деле эч нерсе оозго илинбейт. Эч кандай аракеттер жасалбаса эмнени айтат элек. Антсе да бир билгенибиз Аскат мырзанын кайрадан мамлекеттик кызматка келүү ниети бар. Бирок, баягы, бийлик тараптагы Икрам Илмияновдой таянычы жок кайрадан бийликке келүү кыйынчылык жаратат го.
Булак: "Де-факто"