www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда COVID-19 оорусунун биринчи учурлары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аныкталган. Март айынын ортосунда, бул жакка умрадан кыргызстандыктар кайтып келишкен.

Алар биринчи кезекте дем алуу органдарына таасир тийгизүүчү, дем алуунун оорлошуна  табиттин жана жыт сезүү сезиминин жоголушуна, температуранын көтөрүлүшүнө алып келген жаңы вирустан коркушкан.

Сузак айылынын 71 жаштагы тургуну биринчилерден болуп илдетке чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылды.

Маалыматка ылайык, жубайы менен бирге алар февраль айынын аягында Сауд Арабиясына ажылыкка барышып,  мартта кайтып келишкен. Алар келгенден кийин тиешелүү анализдер алынып, үйүнө жиберилген. Эртеси күнү улгайган киши өзүн жаман сезип, ооруп калган.

Анда кургак жөтөл жана жалпысынан алсыздык байкалган. 17-мартта кишиден илдет тастыкталгандан кийин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө алып келинген. Бейтап менен байланышта болгондордун баары байкоого алынган. Дарыгердин айтымында, бейтап өзүндөгү оорунун белгилерин жөн гана суук тийүү деп гана ойлогон.

«Ооруканага жатканымда жөтөлүп, тамакка болгон табитим жоголуп, дем алганым оорлошуп калган. Мага ар дайым тамактын тузу кем же  эч кандай даамы жоктой сезилчү. Ошондо дарыгерлер бул илдеттин белгилери экенин түшүндүрүп беришти. Мага антибиотиктер менен тамчылатма укол сайышты, дем алуу оорлошкону үчүн кычкылтек бет кабына кошушту. Кычкылтек менен камсыз кылуу мага көп жардам берди жана бир нече күндөн мен эч кандай кыйынчылыксыз дем алып калдым. Андан соң менин ден соолугума эч кандай коркунуч жаралган жок. Биздин медицина кызматкерлерине рахмат. Алардын биз үчүн кылган бардык иш-аракеттерине таазим”, - дейт сакайып кетти делген аксакал.

На изображении может находиться: один или несколько человек, люди сидят, борода и на улицеБелгилей кетсек, 71 жаштагы аксакал тобокелдик зонасында болгон жана диабет, гипертония менен жабыркап жүргөн. 6-апрелде анын ПЦР анализдери таза чыккандан кийин үй карантинине жиберилген. Азыркы учурда аксакалдын ден соолугунда коркунуч жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости