www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Сүйүнбай Бөрүбаев маркум Элмирбек Иманалиев менен Гүлбү Орозкул кызынын кантип таанышканын айтып берди.

"Карап, карап, кайрадан сени самап, күттүм, күттүм..." Күтүүнүн гимни. Жүрөктөн жаралган ырдын гармониясы...

Гүлбү Иманкулова Куренкееванын студенткасы, филармониянын залында "Ала-Тоо чүрөгү" сынагына отуздай кыз ат салышып, ошол кездеги шоумен чыйырынын баштоочусу раматылык Бакыт Букаев уюштуруучу жана алып баруучу болгон.

Ал кезде боёгу жана жасалма кирпиги жок шыңга бойлуу жана шаңга жарашыктуу кыздар сынакка тандалат. Арасында Гүлбү да бар эле. Филармонияда окушкан студенттер, керээлден кечке жанагы сынакты шынарлашат. Арасында Элмирбек да бар. Гүлбү, эми өз мезгилинде ай чырай тал чыбыктай аруу эле...

Экөө ошол сынакта таанышып, Элмирбек Гүлбүнүн аткара турган фольклордук ролун даярдап жардамга келет. Ошентип сынакта Гүлбү 3-орунга ээ болот. Экөө сезим отуна кабылышат. Бир күнү Гүлбү дайын оту менен тартынбай кетет.

Ал кезде сотка же пейджер жок кез. Күтүү романтика менен коштолуп, эрте жаз жамгыры шатыратат. Көрсө, Гүлбүнүн баккан тай энеси катуу ооруп Аксыга келе берет. Күнүгө күтүү сезиминен оргуштап "күттүм, күттүм" обону ыры менен жаралат. "Тунугу белең, Жарыгы белең, Күмүшү белең берметтин" деп башталган үч куплет ырды, алгач Фрунзедеги бардык студенттер ырдай башташат. Балкон, бөлмөлөр, жатакана аянтчалары ушул ырга жаңыра баштайт. Анан эле Элмирбек эң жакын Сыймык Бейшекеев досуна ушул ырды сахнадан ырдоону өтүнөт. Эми Сыймык кемелине келтирип ырдайт.

"Дворец Спортто", Филармонияда, студенттер аянттарында Сыймык аткарган ыр пластинка болуп тарап, эл-журтка кенен тарайт. Сыймык менен Элмирбекти ынак достоштурган ушул ыр ак жолтой болот. 

Жаңы ички миграциялык абал сырткы Россия Казакстанга агыла баштаган кезде, Сыймык Бейшекеевдин комуз коштоосунда аткарган бул ыр мигранттардын гимнине айланып кетти.

Анан кашайып, бир күнү ушул ырдын тексти "Кыргыз Туу" гезитине автору драматург Мырза Тойбаевдики деп жарыяланып кетти. Гезитти алып, Элмирбек иштеген Чүй облусунун Шаршен театрында келип кабарладым. Али 19га толо элек жаш автор, чындыгын кантип талашаарын билбей башы катты. Мен болсо ырды гезити менен көтөрүп Тууганбай Абдиевге алпарып "защитага" отурдум. Көрсө, Тойбаев менен Абдиев ынак дос окшойт эч камырабай телефон аркылуу сүйлөшүп атты. Бир убакта тиги киши телефондон айтты да "эми өкүл балаң жаш таланттуу экен, ушул бир ырын мага подарка кылса не болот эле" дегенде жанагы жерден чыга качтым. Ыр кыргыздар кайда жүрсө Сыймыктын аткаруусунда тарап, бирок, автору Элмирбек Иманалиев болуп айтылып, эл бул эки жаш талантты эгиз баладай кабыл ала баштады. 

Бир күнү Ош базардагы радио колонкадан тексттери өзгөргөн ушул ырды ычкынып боздоп бир кыз ырдаганын угуп, диск пластинка саткан баладан "кимдин ыры" деп сурап көрсөм, "автору жазылган эмес, аткаруучу Черикчиева, азыр бизде бир эле ушул ырды сатып алышууда" деди. Ырды сатып алып "Черикчиева деген ким эле" деп издей баштадым.

Кийин 2-3 жыл өтүп, теледен "бир ырдын тарыхы" деп ушул ырдын тарыхын айтып, алып баруучу "искусство институтун жатаканасында жашап жүргөн Иманалиевден автор катары сизге жактыбы" деп сурады эле, Элмирбек кыйналып атып "жок" деп айтты.

Жакында эле Элмирбек каза тапкан күндөн үч күн өтпөй, радио журналист Бурулкан Сарыгулова Элмирбектин каны жанынан жүрөгүнөн жаралган ырдын текстин "Шайлообектики" деп атады. Ошол түнү эле "ырдын авторун ким" деп бир ооз уруксаты жок чыгарганын радио угармандарбы же айтор теле угармандаргабы айтор айта баштады.

Бурул эже да шашылып ыр Шакеники деп шакылыктап элди алдап турду. "Сотко берсең болот" дешти юристтер, бирок, Элмирбек өмүрүндө бир ирет жатаканада таракандарды соттойм деп сыртка айдап, кайра боору ооруп аларга жем ыргытканын эстеп күлкүм келди.

Эки жыл илгери элге журтка Элмирбек отчеттук концертин берген. Ошондо тилегин, жакшы ниетин "жакшы" деп бир ай концертине даярданганда, мени жанына ээрчитип жүргөн. Анда ыр поэзия жанры менен сахнадан айтышайын деп программа түзүп, дал бүгүн, мен кеп кылган Шаке макул болуп, концертке эки күн калганда отказ кылып, Элмирдин жүрөгү аз жерден кармап кудай сактаган эле. Ошондо Зайырбек Ажыматов акын макул болуп, эл арасынан суурулуп чыгып, абалды оңдоп кеткен эле.

Ошентсе да угармандарга "Элмирбек мыкты эле" деп эскергегине "ыракмат" айткым келди. Элмирбектин "Карап карап кайрадан сени самап" ырын Казахстан, Өзбекстан Туркия жана Кытайдын ырчылары ырдап жүргөн учурлары арбын экенин, бүгүн сыймыктануу менен кеп кылгым келди. Бул ыр ак жолтой болду. Операнын жарык жылдызы Бокоева Бактыгүлдүн аткаруусунда "Алтын фондго" кабыл алынды. Академиялык хор укмуш уккулуктуу аткарган жана алардын аткаруусунда бир нече сыйлыктарга татыды.

Урматтуу эл журт! Иманалиевдин өзүнүн ыры тексти менен ырдайлы, антпесек плагиатка кол чапкан болобуз...", - деди Сүйүнбай Бөрүбаев.

Эске сала кетсек, ак таңдай белгилүү акыныбыз Элмирбек Иманалиев ушул жылдын 20-апрелде бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости