www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Иркутск облусунун тургундары токкойду өрттөп жаткан чиновниктерди кармап алып, сабап салышты. Бул тууралуу “Усть-Кут 24” кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындан бир нече убакыт мурун Усть-Кут шаарынан 200 чакырым алыстыкта ​​жергиликтүү тургундар токой өрттөгөндөрдү кармашкан. Алар Усть-Кутский районунун акиминин биринчи орун басары Михаил Барс, райондун акиминин пресс-катчысы Екатерина Анисимова, райондук администрациянын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Михаил Тишкивский жана райондук администрациянын жарандык иштер жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча адиси Ульянов болчу.

Жергиликтүү тургундар чиновниктерди токойду өрттөп жаткан жеринен кармап, ур-токмокко алышкан. Аткаминерлер газ резервуарларын жана квадрокоптер ташып, өрттү өчүрүшкөн. 

“Усть-Кут 24” маалымат боюнча, 29-апрелде эртең менен полиция кызматкерлери жана Россиянын Тергөө комитетинин Иркутск облусу боюнча башкармалыгы өрттөнгөн жерге келишет.

“Буга чейин алар райондук администрациянын өрттүн кесепетинен Усть-Кут районундагы тургундарга дарыяларга барууга тыюу салуу жөнүндө токтом чыгарган”, - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости