www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан күздөн тартып өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгара баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Назокат Абдукундузовага таянып, өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Өлкө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратты словакиялык «Chirana» компаниясы жана орусиялык адистер менен биргеликте жасайт.

«Ушул тапта прототип, башкача айтканда аппараттын үлгүсү пайда болду. Тиешелүү сыноолор жана текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин өндүрүш күзүндө башталат», – деди Абдукундузова.

Өпкөнү сезгендирүүчү коронавирус инфекциясына байланыштуу дүйнөдөгү башка өлкөлөр сыяктуу эле Өзбекстанда да жасалма дем алдыруучу аппраттарга суроо-талап кескин түрдө өстү.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 2000ге чукулдады, алардын жарымы сакайып, 8 адам мерт болду.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости